Уюмдарга

Ар бир өлкөнүн дээрлик бардык уюмдары өз өлкөсүнүн жарандары жөнүндө жеке маалыматтарды чогултушат, демек, тигил же бул даражада жеке маалыматтар массивинин кармоочулары (ээлери) болуп саналат.

Жеке маалыматтардын ээлери болуп мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле жеке маалыматтардын массивдери менен иштеген юридикалык жактар саналат.

Жеке маалыматтар белгилүү бир адам менен окшоштурулган же белгилүү бир адам менен окшоштурулушу мүмкүн болгон белгилүү бир адам жөнүндө маалымат. Мисалы:

  • толук аты;
  • жеке идентификациялоо номери;
  • биометрикалык маалыматтар;
  • үй-бүлөлүк абалы;
  • медициналык маалыматтар;
  • адамды аныктай турган башка маалыматтар.

Жеке маалыматтардын массиви - маалымат алып жүрүүчүнүн түрүнө жана аларды иштетүүнүн ыкмаларына карабастан, субъекттердин (жеке адамдардын) белгисиз сандагы жеке маалыматтарынын ар кандай жыйындысы:

  • архивдер;
  • картотека; 
  • маалымат системалары;
  • электрондук маалымат базалары (ишканалардын кадрлар бөлүмү, бухгалтердик жана салыктык эсеп) ж.б.

Бул себептерге байланыштуу, жеке адамдардын жеке маалыматтары тууралуу маалыматка ээ болгон ар кандай уюм жеке маалыматтардын массивдерин кармоочу болуп саналат.

«Жеке мүнөздүү маалымат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренесине ылайык жеке маалыматтардын массивдери жана бул массивдердин кармоочулары (ээлери) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

Каттоо жеке маалыматтардын массивдерин кармоочулардын (ээлеринин) реестри (мындан ары - Реестр) аркылуу жүргүзүлөт.

Бул Реестрди толтуруу бул шилтеме боюнча мүмкүн.

Бузуулар боюнча учурлар

Бузуулар боюнча учурлар

Агенттиктин ишинин максаты

Агенттиктин ишинин максаты болуп жеке маалыматтарды топтоого, иштетүүгө жана колдонууга байланышкан, ушул маалыматты иштеп чыгууда колдонулуучу каражаттарга, анын ичинде маалыматтык технологияларды колдонууга карабастан, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндигин коргоону камсыздоо саналат.

Агенттиктин милдеттери

Агенттиктин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар тарабынан жеке мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жеке мүнөздөгү маалыматтын иштелип чыгуусун контролдоону камсыздоо;

Уюмдар үчүн сунуштар жана кеңештер